№2 Нооса Калмурзаев атындагы орто мектеп мекемеси Кара-Суу району, Сарай айыл өкмөтү, Конурат айылы, Т.Кырбашев к.№1

Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Мектеп 1930-жылы Социализм башталгыч класс мектеби болуп курулган.

1980-1981-жылы Социализм сегиз жылдык мектеби болуп,ал эми  1994-1995-окуу жылында Конурат толук эмес орто мектеби  болуп, 2005-2006-окуу жылынан  Нооса Калмурзаев атындагы орто мектеби болуп аталып  кайрадан тузулгон. Мектептин эскилиги жетип,2010-окуу жылында  Сарай айылдык аймагынын жергиликтуу кенеши тарабынан заманбап,бугунку кундун талабына ылайык  мектеп курулуп, 2012-окуу жылынын 1-сентябрында пайдаланууга берилди.

Мектеп бир тилдүү, окутуу Уставдын негизинде жана мектептин ѳнүгүшүнүн концепциясына ылайык иш алып барат.  МГ ОТКнын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, баланын укуктарынын Конвенциясынын, Кыргыз Республикасынын “Билим жѳнүндѳ” мыйзамынын негизинде жүргүзүлѳт жана баланын жеке жѳндѳмдүүлүктѳрүн жана талаптарын эске алуу менен билим берүүнүн диний эмес мүнѳздүүлүгүнүн, демократиялуулуктун, ачыктыктын, жалпы адамзаттын баалуулуктарынын приоритетинин принциптерине туура келет.

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Мектеп 2 кабаттуу,420 орунду.21 каанасы бар,Анын ичинен 14у предмет кааналар. 335 окуучу 13 класс комплектисин тузот. Сабак 2-сменада жургузулот.

Бугунку кундо мектепте 29 мугалим эмгектенет. Алардын 23 мугалим жогорку,  4 атайын орто билимдуу, 2 бакалавр. Алардын ичинен 2 мугалим эл агартуунун мыктысы. Биздин мектепте кадр маселеси толук чечилген.Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу максатында мугалимдерге жана окуучуларга толук шарттар тузулгон.

Атайын мугалимдерге кам коруу максатында кесиптик бирликтин эс алуу каанасы  уюштурулган.  Мектеп окуучуларын ден соолугуна кам коруу максатында, атайын тиш дарылоо каанасы ажыратылып берилген жана тиш доктор стоматолог А.Арыкбаев тарабынан текшерилип турат.

Окуу тарбия ишин уюштурууда мектеп жетекчилер тарабынан окуу кааналары, китепкана,лаборатория, компьютердик каана,ийримдер каана толук жабдылган. Материалдык-техникалык жабдуусуна кайрылсак бир интерактивдуу доска, 26 компьютер, 2 ноутбук, 4 телевизор,2 ДВД, 2 ксеро кочурмосу, 1 музыкалык аппарат 2 колонкасы менен, 9  проектор 2 доскасы менен, 1 менталдык доска,1 пианино, 1 теннис столу,3 комуз, 1 гитара, 1 аккардион менен камсыздалган.

Мектептин китепканасында ар турдуу усулдук жана адабий китептер бар. Окуучуларга китеп алып окууга шарттар тузулгон. Окуу китептери менен камсыздоо 90%ды тузот.

Мектепте талапка ылайык эстетикалык,патриоттук сезимге,маданияттуулукка,компотенттуулукко тарбиялоо максатында акы толонуучу спорттун бир канча туру эмгек, сурот, кыргыз тили, биология жана менталдык арифметика ийримдери иш жургузот.

Учурдун мектебин компьютерсиз элестетүү кыйын,ошол себептүү мектеп жетекчилиги окуучуларды компьютерди өздөштүрүп, аларды информатика предметине болгон кызыгуусун жогорулатууга аракет кылып жатат.